# 19-берене. Телерадио уюмунун телерадиоканалдарынын программалык концепциясы

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 19-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-19

---

1. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, телерадио уюмдарында милдеттүү түрдө телерадиоканалдардын программалык концепциясы болууга тийиш.

2. Телерадио уюмунун берүүлөрүнүн программалык концепциясы төмөнкүлөрдү аныктайт:

- ата-мекендик өндүрүштөгү телерадио берүүлөрдүн, аудиовизуалдык жана/же Кыргыз Республикасынын аткаруучуларынын же авторлорунун музыкалык жана башка чыгармаларынын көлөмүн;

- чет өлкөлүк өндүрүштүн телерадио берүүлөрүнүн жана телерадио программаларынын, ретрансляциялоонун көлөмүн;

- программаларды жана берүүлөрдү жанрдык бөлүштүрүүнү;

- коомдун позитивдүү дене-бой, акыл-эс жана моралдык өнүгүүсүнө эсептелген программаларды жана берүүлөрдү жайылтуу саясатын.

3. Телерадио уюмунун берүүсүнүн программалык концепциясынын негизин маалыматтык-аналитикалык, публицистикалык, маданий-көркөм, илимий-агартуучу жана оюн-зооктук берүүлөр түзүүгө тийиш.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-20)
