Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Телерадиоканалдарды жайгаштырууга уруксат берүү
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 мая 2017 года № 75
1. Аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде алгылыктуу технологияларга карабастан, телерадиоканалдарды жайгаштыруу лицензиялык, уруксат берүү тутумундагы мыйзамда белгиленген тартипте маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган телерадио уюмуна жана жана/же телерадио берүү операторуна берген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканаларды жайгаштырууга уруксат берүү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт. Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарда каралбаган негиздер боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
3. Маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
- белгиленген тартипте ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды сактоону текшерүү максатында лицензиялык контролду жүргүзөт жана бузуулар табылган учурда колдонуудагы мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын көрөт.
Аналогдук уктурууда жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалардарды жайгаштырууга уруксаттын күчүн убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган уруксаты убактылуу токтотулган телерадиоканалдын берүүсүн токтотуу зарылчылыгы жөнүндө телерадио берүү операторуна жана Министрлер Кабинети аныктаган байланышка мамлекеттик көзөмөлдүк кылуучу ыйгарым укуктуу органга токтоосуз маалымдайт. Укук ээлерин же башка жактардын арызы боюнча, ошондой эле маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды тапкан учурда, маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик чарасын көрүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга кайрылат. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин УМББ" нын эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 18-беренесинин абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 18-беренесинин абзацтарынын санына дал келбейт.
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202317/st-18" title="18-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>