# 16-берене. Телерадио уюмдарын башкаруу

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 16-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-16

---

1. Программаларды жана берүүлөрдү түзүү жагында телерадио уюмдарын башкаруу коллегиялык түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Телерадио уюмдарынын уюштуруучулары (катышуучулары) телерадио уюмунун чыгармачылык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача көрсөтүлбөсө, телерадио уюмдарында курамынын жарымы телерадио уюмунун уюштуруучулары (катышуучулары) дайындаган, ал эми жарымы телерадио уюмунун чыгармачыл жамааты тарабынан шайланган байкоочулар кеңешин түзүү каралат. Мында телерадио уюмунун уюштуруучулары жана кызматкерлери өз телерадио уюмунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү боло албайт.

4. Телерадиоуюмунун байкоочу кеңешине төмөнкүлөр жүктөлөт:

- телерадио уюмдарынын чыгармачыл кызматкерлеринин жана телерадио кызматкерлеринин уставды сакташына көзөмөлдүк кылуу;

- телерадио уюмдарынын чыгармачыл кызматкерлеринин жана телерадио кызматкерлеринин укуктарынын, цензурага жана телерадио уюмунун чыгармачылык ишине кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу;

- телерадио уюмунун жетектөөдөн анын жетекчисин четтетүү жөнүндө маселени кароо;

- ушул Мыйзамда жана телерадио уюмунун уставында каралган башка милдеттер менен ыйгарым укуктар.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-17)
