# 12-берене. Муниципалдык жана жамааттык телерадио уюмдары

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 12-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-12

---

1. Муниципалдык телерадио уюмдары тийиштүү аймактардын жарандарынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт.

Муниципалдык телерадио уюмдарынын жетекчи жана байкоочу органдарын түзүүнүн тартиби, максаттары жана милдеттери ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында аныкталууга тийиш.

2. Муниципалдык телерадио уюмдары мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлөт.

3. Жамааттын жана/же башка жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жеке адамдар, жамааттар жана/же аймактык белгилери боюнча биригишкен жана/же башка жалпы кызыкчылыгы бар жергиликтүү коомчулуктар тарабынан түзүлөт.

4. Жамааттык телерадио уюмдардын өз программаларын жана берүүлөрүн калкка тартуулоо жана алардын калктын кабыл алуусу ыктыярдуу болуп саналат жана түрдүү жамааттардын социалдык-экономикалык, маданий жана башка жактан өнүгүүсүнө жетишүүгө, жарандык интеграцияны жана тилектештикти чыңдоого багытталган.

5. Жамааттык телерадио уюмдары коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.

6. Жамааттык телерадио уюмдардын башкаруу органдарын түзүү тартиби, ишмердүүлүк маселелери ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-13)
