# 10-берене. Мамлекеттик телерадио уюмдары

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112575); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582); 27.04.2017 [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250964..1250965>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 10-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-10

---

1. Мамлекеттик телерадио уюмдары Министрлер Кабинети тарабынан мыйзамдарды жана/же Президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында түзүлөт.

Телерадио уюмдарынын жетекчи жана байкоочу органдарын түзүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында аныкталууга тийиш. Караңыз: Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын уставы (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 122 токтому менен бекитилген)

2. Мамлекеттик телерадио уюмдары мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлөт.

3. Мамлекеттик телерадио уюмдарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) телекөрүүчүлөрдү жана радиоугуучуларды Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү коомдук-саясый жана башка окуялар жөнүндө, калктын жашоо-турмушуна же болбосо саламаттыгына коркунуч туудурган өзгөчө окуялар жана кырдаалдар жөнүндө ыкчам кабардар кылуу, расмий кабарларды жарыялоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин түшүндүрүү;

2) экономикалык, публицистикалык, маданий-агартуу, медициналык, көркөм, окуу, оюн-зоок, спорттук жана бөлөк программаларды, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн программаларды түзүү же таратуу;

3) өлкөнүн элинин биримдигин, жарандык бейкуттукту сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;

4) журналистиканын жогорку стандарттарын, толеранттуулукту, ар бир адамдын укуктарын сыйлоо стандарттарын камсыз кылуу;

5) калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берүү;

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыңдоого, анын дүйнөдөгү кадыр-баркынын жогорулашына көмөк көрсөтүү;

7) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай формасын кабылдабоону калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай формасын үгүттөөгө жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу.

4. Мамлекеттик телерадио уюмдарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана өздөрүнүн кирешелеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-11)
