# 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушунун чөйрөсү

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317#diff=1250961..1250962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3748/edition/1250956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202317/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө, 1-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө, түзүлүү максатына, уставдык иш-аракетине, телерадиоканалдарды, телерадиопрограммаларды жана берүүлөрдү жайылтуу ыкмаларына карабастан, керектөөчүлөрдүн массалык кабылдоосуна эсептелген телерадио каналдарды, ошондой эле телерадиоберүүлөрдү түзүү жана жайылтуу жаатында иш субъекттеринин ортосундагы мамилелерге жайылтылат.

2. Өлкөнүн чегинен тышкары жерде турган, башка мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аракеттенген уюмдарга карата ушул Мыйзам алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы телерадиоканалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайылтуу тартибин жөнгө салуу жаатында гана колдонулат.

(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202317/st-2)
