# 9-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өзалдынча

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 237 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/203194)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310#diff=387778..387779>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 9-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-9

---

башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктары

1. Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу

жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:

1) жергиликтүү өзалдынча башкаруу жаатында мыйзамдарды кабыл алуу

жана алардын сакталышына контролдук кылуу;

2) жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик прог-

раммаларын кабыл алуу;

3) жергиликтүү өзалдынча башкаруу жаатында мамлекеттин Конституци-

яда жана мыйзамдарда белгиленген милдеттерин жүзөгө ашыруунун кепилдик- терин камсыз кылуу;

4) мамлекеттик менчик объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп

берүүнүн тартибин мыйзамдарга ылайык жөнгө салуу;

5) жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик

ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле аларга мыйзамдарга ылайык мамлекет- тик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, жергиликтүү өзалдынча башка- руу органдарына аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана каражаттардын ишке ашырылышына контролдук кылуу;

6) мамлекеттик эњ төмөнкү социалдык ченемдерди белгилөө жана кам-

сыз кылуу;

7) мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү мамле-

кеттик билим берүү стандартына ылайык келтирүүнү камсыз кылуу;

8) саламаттыкты сактоо тармагын мамлекеттик стандартка ылайык кел-

тирүүнү камсыз кылуу;

9) республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосундагы катыштарды

жөнгө салуу, эњ төмөнкү бюджеттик камсыздоонун ченемдеринин негизинде жергиликтүү бюджеттердин балансаланганын камсыз кылуу;

10) жергиликтүү өзалдынча башкаруунун мамлекеттик бийлик органдары

тарабынан кабыл алынган чечимдердин натыйжасында келип чыккан кошумча чыгымдарын компенсациялоо;

11) жергиликтүү өзалдынча башкаруунун финансылык өз алдынчалыгынын

мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу;

12) административдик-аймактык бирдиктерди түзүүнүн, бириктирүүнүн,

кайра уюштуруунун же жоюунун тартибин белгилөө жана өзгөртүү, мамлекет- тин административдик-аймактык түзүлүшүн эске алуу менен алардын чегара- ларын, ошондой эле алардын аталыштарын өзгөртүү;

13) мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өзалдынча баш-

каруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда- рынын, анын ичинде ар кандай аймактык дењгээлдеги органдардын ортосун- дагы ыйгарым укуктарды чектөөнүн жана аны жүргүзүү предметтерин чектөө- нүн тартибин белгилөө;

14) жарандардын өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга болгон укук-

тарын камсыз кылуу жана коргоо;

15) жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жана аларды өткө-

рүүдөгү жарандардын шайлоо укуктарынын мамлекеттик кепилдиктерин белги- лөө;

16) соттук коргоонун тартибин белгилөө жана жергиликтүү өзалдынча

башкаруунун укуктарын соттук коргоо;

17) жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кыз-

мат адамдарынын мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин белгилөө жа- на жөнгө салуу;

18) жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кыз-

мат адамдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына прокурордук көзөмөл- дү жүзөгө ашыруу;

19) мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы менен шарттал-

ган өзгөчө статустагы аймактардагы жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн мыйзамга ылайык жөнгө салуу;

20) тиешелүү тарыхый жана башка жергиликтүү каада-салттар менен

шартталган айрым аймактарда жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу- нун өзгөчөлүктөрүн мыйзамдарга, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу;

21) жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга байланыштуу

маселелер боюнча административдик укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды ка- был алуу жана өзгөртүү;

22) жергиликтүү жамааттардын уставдарын каттоонун тартибин белги-

лөө;

23) материалдык, акчалай жана башка мамлекеттик жана гуманитардык

жардамдардын бөлүштүрүлүшүн уюштуруу;

24) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү

башка субъекттердин айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча ишине, жерлерди жана жаратылыш ресурстарын пайдаланышына, шаар куруунун жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин, санитардык че- немдердин сакташына, мыйзамдарда белгиленген тартипте экологиялык иш-чараларды өткөрүшүнө контролдук жүргүзүү;

25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым

укуктарды жүзөгө ашыруу. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы №237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-10)
