# 73-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 73-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-73

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республика- сынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2002-жыл, № 1, 10-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2004-жыл, № 2, 66-ст.);

- "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор кир- гизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 4-февралы, № 11); -"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад- министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр кир- гизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2005-жыл, № 4, 243-ст);

- "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2005-жыл, № 11, 866-ст);

- "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрация" жана "Жергиликтүү кењештердин депутаттарынын статусу жө- нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүү- лөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2006-жыл, № 2, 142-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана

толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2006-жыл, № 10, 853-ст.);

- "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2007-жыл, № 1, 5-ст).

3. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган шаар мэрлери, район-

дук маанидеги шаарлардын шаардык башкарууларынын башчылары жана айыл өкмөтүнүн башчылары ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өздөрү шайланган мөөнөтүнүн аякташына чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сакта- шат;

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган жергиликтүү кењеш-

тердин депутаттарынын сандык курамы алардын ыйгарым укуктарынын аякта- шына чейин сакталат;

- иштеп жаткан райондук кењештердин ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга

ылайык райондук кењештердин жањы курамы түзүлгөнгө чейин сакталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

- ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-72)
