# 68-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 68-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-68

---

ишин чектөө

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жана анын

орунбасарлары Жогорку Кењештин же жергиликтүү кењештердин депутаттары боло албайт.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жана анын

орунбасарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөргө укуксуз:

1) педагогдук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары бөлөк

акы төлөнүүчү иш иштөөгө;

2) өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик жасоого, ошондой эле өзүнүн

кызмат абалын ар кандай түрдө бул үчүн сыйлык алуу менен жеке жана юри- дикалык жактарга алардын ишкердик жасоосун жүзөгө ашырууга көмөк көрсө- түүгө;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрацияда же өзүнө түздөн-түз баш

ийген же отчет берген органга үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл бо- лууга;

4) материалдык-техникалык, каржылык жана маалыматтык камсыз кылуу

каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматка тиешеси жок максатта пайдала- нууга;

5) жеке жана юридикалык жактардан кызматтык ыйгарым укуктарды ат-

карууга байланыштуу аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандык үчүн белектер, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндөгү сыйлыктарды алууга;

6) шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын ишине,

ошондой эле референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

7) иш таштоолорго, манифестацияларга катышууга жана башка аракет-

тери менен мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылууга;

8) саясий партиялардын жана диний уюмдардын ишине өзүнүн кызматтык

ишине байланыштуу катышууга;

9) өзүнө түздөн-түз баш ийген кызматтарга жакын туугандарын

(ата-энеси, жубайы, ага-инилери, эже-карындаштары жана балдары) дайын- доого.

3. Көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан бул талаптардын бузулушу

ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчиликке алып ке- лет.

4. Ушул берене жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары

менен белгиленген чек коюулар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башка кызмат адамдарына да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-69)
