# 65-берене. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын -

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 65-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-65

---

акимдин ыйгарым укуктары

1. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - аким:

1) райондун аймагында мамлекеттик администрациянын ишин уюштурат

жана анын натыйжалары үчүн белгиленген тартипте жооп берет;

2) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик

органынын аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен бөлөк, мамлекеттик бийлик орган- дарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчиле- рин кызматка дайындоого жана кызматынан бошотууга макулдук берет, ошон- дой эле алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызматынан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

3) райондун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кызматкер-

лерин дайындайт жана кызматынан бошотот, аларга карата тартип жаза ча- раларын көрөт жана сыйлыктар менен сыйлайт;

4) жылына кеминде бир жолу тиешелүү аймактагы иштердин абалы

жөнүндө райондук кењешке баяндама жасайт;

5) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социал-

дык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун райондук кењештин бекитүүсүнө сунуш кылат, ал программалардын аткарылышы жөнүндө жерги- ликтүү кењешке маалымдайт, ошондой эле кеминде эки жылда бир ирет тие- шелүү аймактын курултайына отчет берет;

6) тиешелүү аймактын бюджетинин долбоорун райондук кењештин беки-

түүсүнө сунуш кылат, анын аткарылышы жөнүндө отчетту райондук кењешке бекитүү үчүн берет;

7) кыйла маанилүү маселелерди райондук кењештин кароосуна кирги-

зет, ошондой эле жергиликтүү кењештин сессиясын чакыруу жөнүндө маселе- ни коюуга жана анын ишине кењеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу;

8) жогору турган мамлекеттик органдар менен мамилелерде, эларалык

мамилелерде тиешелүү аймактын өкүлү болот;

9) мамлекеттин менчигиндеги жер участокторун берүү жөнүндө чечим-

дерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарат;

10) мамлекеттик социалдык (пенсиялык, камсыздандыруу) фонддорго

төлөмдөрдү эсептөөгө жана толук жыйноого көмөк көрсөтөт;

11) салык кызматтарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана са-

лыктарды жыйноодо көмөк көрсөтөт;

12) ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда айылдык округдун баш-

чысын, райондук маанидеги шаардын башчысын жана поселканын башчысын ээ- леген кызматынан бошотот;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана өзүнө Пре-

зидент, Өкмөт жана Премьер-министр жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы карамагындагы

аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан мыйзамдардын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, болбосо өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан мыйзамдарга, Президенттин жана Өкмөттүн актыларына ылайык келбеген че- чимдер чыгарылган учурларда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы бир эле учурда бул жөнүндө прокуратура органдарына, башкаруунун тиешелүү жогору турган мамлекеттик органдарына же тиешелүү жергиликтүү кењештерге билдирүү менен мындай чечимдердин аткарылышын алар тарабынан зарыл чаралар көрүлгөнгө чейин токтото турууга укуктуу.

3. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы белгиленген

тартипте облустун мамлекеттик администрациясынын башчысына Кыргыз Рес- публикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө кат менен кайрылат.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-66)
