# 64-берене. Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын -

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 46 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/202932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310#diff=387781..387782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 64-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-64

---

губернаторунун ыйгарым укуктары

1. Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору.

1) облустун мамлекеттик администрациясынын ишин уюштурат жана анын

натыйжалары үчүн белгиленген тартипте жооп берет;

2) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик

органынын аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен бөлөк, мамлекеттик бийлик орган- дарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчиле- рин кызматка дайындоого жана кызматынан бошотууга макулдук берет, ошон- дой эле алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызматынан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

3) мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;

4) облустун аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Прези-

денттин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Жогорку Кењештин токтомдору- нун, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышын, улуттук жа- на мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын контролдойт.

5) ведомствонун карамагындагы аймакта укуктук тартипти жана кооп-

суздукту камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик чегараны кайтаруу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт жана контролдойт;

6) облустун экономикасына инвестицияларды тартат, инвестициялык

программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, эларалык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрөт;

7) жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн

стандарттарын сактоону контролдойт;

8) жарандардын укугун коргоо боюнча иштерди, жарандардын арыздары

жана кайрылуулары боюнча иштерди жүргүзөт;

9) жогору турган мамлекеттик органдар менен мамилелерде, эларалык

мамилелерде тиешелүү аймактын өкүлү болот;

10) облустун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кызматкер-

лерин дайындайт жана кызматынан бошотот, аларга карага тартип жаза ча- раларын көрөт жана сыйлыктар менен сыйлайт;

11) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай

аткарбаган учурда аларды кызматтан четтетүү жөнүндө маселелерди коюуга укуктуу;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана өзүнө Пре-

зидент, Өкмөт жана Премьер-министр жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жү- зөгө ашырат.

2. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укук- тук актыларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору аны ээлеген кызма- тынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Президентке сунушун берүүгө укуктуу.

3. Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы белгиленген

тартипте Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары ме- нен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө кат менен кайрылат.

4. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы чыгаруучу акты-

лар мыйзамдарга карама-каршы келген учурда облустун мамлекеттик адми- нистрациясынын башчысы бул жөнүндө бир эле учурда Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнө жана прокуратура органдарына кабарлоо менен алар тара- бынан зарыл чаралар кабыл алынганга чейин алардын колдонулушун токтото турууга укуктуу. (КР 2010-жылдын 4-мартындагы №46 Мыйзамынын редакциясына ылайк)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-65)
