# 63-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 63-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-63

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишине төмөндөгүдөй же-

ке башкаруу принцибинде жетекчилик кылат:

- облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

- райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент та-

рабынан Премьер-министр менен кењешүү боюнча дайындалат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент тарабы- нан өзалдынча же Премьер-министрдин сунушу боюнча кызматынан бошотулат.

3. Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору

облустун аймагында, ал эми райондук мамлекеттик администрациянын башчы- сы - акими райондун аймагында башкы мамлекеттик кызматчы адам болуп са- налат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы ведомствонун

карамагындагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Президенттин жана Өкмөттүн алдында, ал эми райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын ал- дында жеке жоопкерчилик тартат.

5. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында социал-

дык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына, мыйзамдуу- луктун бузулушуна алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, ошондой эле жаманатты кылган жосунду жасаган учурда, жерги- ликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент тарабынан өзал- дынча же Премьер-министрдин сунушу боюнча ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-64)
