63-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишине төмөндөгүдөй же-
ке башкаруу принцибинде жетекчилик кылат:
- облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент та-
рабынан Премьер-министр менен кењешүү боюнча дайындалат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент тарабы- нан өзалдынча же Премьер-министрдин сунушу боюнча кызматынан бошотулат.
3. Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору
облустун аймагында, ал эми райондук мамлекеттик администрациянын башчы- сы - акими райондун аймагында башкы мамлекеттик кызматчы адам болуп са- налат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы ведомствонун
карамагындагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Президенттин жана Өкмөттүн алдында, ал эми райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын ал- дында жеке жоопкерчилик тартат.
5. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында социал-
дык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына, мыйзамдуу- луктун бузулушуна алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, ошондой эле жаманатты кылган жосунду жасаган учурда, жерги- ликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Президент тарабынан өзал- дынча же Премьер-министрдин сунушу боюнча ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-63" title="63-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>