# 62-берене. Райондун мамлекеттик администрациясынын компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 62-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-62

---

Райондун мамлекеттик администрациясы:

1) тиешелүү аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;

2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социал-

дык жактан коргоонун программаларын иштеп чыгат жана кабыл алат, алар- дын аткарылышын уюштурат;

3) райондук бюджеттин долбоорун иштеп чыгып, райондук кењеш тара-

бынан бекитилгенден кийин анын аткарылышын уюштурат;

4) республикалык бюджеттин каражаттарынын жана стратегиялык багыт-

тагы каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоо- ну жүзөгө ашырат;

5) аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

6) райондун аймагында мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну

камсыз кылат;

7) кечиктирилгис социалдык-экономикалык, экологиялык жана башка

маселелерди чечүү үчүн колдо бар ресурстарды тартууну уюштурат;

8) өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды болтурбоо жана алардын

кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашы- рат;

9) жарандардын, анын ичинде жашы жете электердин укуктарын сактоо

боюнча контролдукту жүзөгө ашырат;

10) жергиликтүү дењгээлдеги мамлекеттик программаларды башкарууну

жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен коомдук уюмдардын программалардын чектеринде өзара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат;

11) тийиштүү аймакта иштеп жаткан коомдук жана эларалык уюмдардын

ишине мониторинг жүргүзөт;

12) аймактык шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашыру- уда уюштуруучулук жана материалдык-техникалык көмөк көрсөтөт;

13) калкты укуктук, социалдык-маданий, чарбалык жана тиричилик

жактан тейлөөнү уюштурат;

14) жергиликтүү коммуникациялардын бардык түрлөрүн, көчөлөрдү,

жолдорду жана башка объекттерди тиешелүү абалда кармоо боюнча иш-чара- лар менен программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

15) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен карал-

ган башка иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-63)
