56-берене. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
финансылык-экономикалык негиздери
1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун финансылык-экономикалык неги-
зин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бе- китилип берилген салыктык жана салыктык эмес кирешелердин булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам- дары менен белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкаруунун кара- магына өткөрүлүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандарынын аймагынын чегинде алар пайдаланган кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, табигый ресурстар, ошондой эле тий- иштүү аймакта ишин жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер тү- зөт.
2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик орган-
дар, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүү жана аткаруу тартиби жана принципте- ри Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-56" title="56-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>