# 53-берене. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу укугу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 53-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-53

---

1. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу өздөрүнүн ыйгарым укуктуу

органдары же өкүлдөрү аркылуу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ушул аймактын маселелерин талкуулоодо жергиликтүү кењештердин

иштерине катышууга;

2) аймактарды көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо боюнча

иштерге катышууга;

3) жергиликтүү кењештердин, алардын аткаруучу-тескөөчү органдары-

нын чечимдерин аткарууга көмөктөшүүгө;

4) курултайлардын жана жарандардын жыйындарынын чечимдерин аткару-

уну уюштурууга.

2. Юридикалык жак формасында аймактык коомдук өзалдынча башкарууну

ишке ашырууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) банк мекемелеринде эсеп ачууга;

2) тийиштүү жергиликтүү кењештер жана аткаруучу-тескөөчү органдар,

ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чар- ба субъекттер менен келишимдик негизде өзара иштөөгө;

3) жергиликтүү бюджеттин ушул максатка каралган каражаттарын жана

жеке финансылык ресурстарды пайдалануу менен өз аймагын көрктөндүрүү, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыт- тагы объекттерди куруу жана оњдоо боюнча иштерди аткарууга заказчы ка- тары чыгууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйга-

рым укуктарды аткарууга.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-54)
