# 51-берене. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 51-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-51

---

1. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары катары айылдын,

поселканын, шаардын аймагынын бөлүгүндө жашаган жерлери боюнча жерги- ликтүү маанидеги маселелерди өзалдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгеле- рин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн жарандардын өзүнчө уюму түшүнүлөт.

2. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу кичи райондордун кењештери

жана комитеттери, туракжай комплекстери, үй, көчө, кварталдык комитет- тер, жамааттар формасында жана Конституцияга, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка форма- ларда ишке ашырылат.

3. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун ишинин аймагынын чектери

тургундардын сунуштарын эске алуу менен тийиштүү жергиликтүү кењештер тарабынан белгиленет.

4. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун түрдүү формалары өзүнүн

статусун алар жергиликтүү кењеште эсептик катталган учурдан тартып алат. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республи- касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга укуктуу.

5. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун бардык формалары өздөрү-

нүн ишинде аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кењешке отчет беришет.

6. Калктын жергиликтүү өзалдынча башкарууга катышуусунун ушул Мый-

замда каралган формалары менен бирге эле жарандар Конституцияга, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка формаларда жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга каты- шууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-52)
