51-берене. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
1. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары катары айылдын,
поселканын, шаардын аймагынын бөлүгүндө жашаган жерлери боюнча жерги- ликтүү маанидеги маселелерди өзалдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгеле- рин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн жарандардын өзүнчө уюму түшүнүлөт.
2. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу кичи райондордун кењештери
жана комитеттери, туракжай комплекстери, үй, көчө, кварталдык комитет- тер, жамааттар формасында жана Конституцияга, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка форма- ларда ишке ашырылат.
3. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун ишинин аймагынын чектери
тургундардын сунуштарын эске алуу менен тийиштүү жергиликтүү кењештер тарабынан белгиленет.
4. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун түрдүү формалары өзүнүн
статусун алар жергиликтүү кењеште эсептик катталган учурдан тартып алат. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республи- касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга укуктуу.
5. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун бардык формалары өздөрү-
нүн ишинде аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кењешке отчет беришет.
6. Калктын жергиликтүү өзалдынча башкарууга катышуусунун ушул Мый-
замда каралган формалары менен бирге эле жарандар Конституцияга, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка формаларда жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга каты- шууга укуктуу.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-51" title="51-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>