# 48-берене. Айылдык округдун башчысынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 48-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-48

---

Айылдык округдун башчысы:

1) айыл өкмөтүнүн ишин жетектейт жана анын натыйжасы үчүн жоопкер-

чилик тартат;

2) айылдык округдун кењешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуш

кылат, айылдык округдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин атка- рылышы жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактын социалдык-эконо- микалык өнүгүүсүнүн программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө кењешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;

3) өзүнүн ишинин натыйжасы жөнүндө жергиликтүү жамааттын курултай-

ында калкка жылына бир жолудан кем эмес отчет берет;

4) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай

аткарылышын уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салык-

тарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча жергиликтүү кењешке сунуштарды киргизет;

6) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тийиштүү аймактык бө-

лүмдөрүнүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызматтан четтетүү жөнүндө маселелерди коюуга укуктуу;

7) тийиштүү мамлекеттик аймактык мекемелердин жетекчилерин дайын-

доого макулдук берет;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдык округдун

башчысынын орунбасарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин дай- ындайт жана бошотот;

9) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктар-

ды, ошондой эле жергиликтүү кењешке тиешелүүлөрдөн тышкары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди

чечет.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-49)
