# 46-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 46-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-46

---

Айыл өкмөтү:

1) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социал-

дык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;

2) жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык ок-

ругдун кењештеринде бекитилгенден кийин аларды аткарат;

3) тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча

иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

4) жањы жумушчу орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат

жана жүзөгө ашырат;

5) ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалдык-маданий, тиричилик

жана чарбалык багыттардагы объекттерди жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө катышат;

6) турак жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана

жүзөгө ашырат;

7) муниципалдык менчикте турган, ошондой эле Айылчарба жерлерин

кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-ча- раларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

8) табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын

кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш-чараларга көмөк көрсөтөт;

9) экономикалык, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдүн өзара аракет-

тенүүсүнө өбөлгө түзөт;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-

тарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-47)
