43-берене. Райондук маанидеги шаардын башчысынын жана поселканын
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
башчысынын ыйгарым укуктары
Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы:
1) шаардык башкарууга жана поселкалык башкарууга тийиштүүлүгүнө
жараша жетекчилик кылат жана алардын ишинин натыйжасы үчүн белгиленген тартипте жооп берет;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын,
Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, шаардык кењештин ыйгарым укук- тарынын чегинде кабыл алынган анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кы- лат;
3) өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ойдогудай атка-
рылышын уюштуруу үчүн жеке жооп берет;
4) мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында, Кыргыз
Республикасынын коомдук жана башка уюмдарында, ошондой эле чет өлкөлөр- дө тийиштүүлүгүнө жараша шаардын, поселканын атынан иш алып барат;
5) кызматка киришкен күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен аймакты
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун жергиликтүү кењештин бекитүүсүнө сунуш кылат;
6) жергиликтүү кењешке шаар бюджетинин долбоорун бекитүүгө сунуш
кылат, иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана му- ниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктү- рүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жө- нүндө жергиликтүү кењештин алдында жарым жылда бир жолудан кем эмес от- чет берет;
7) тиешелүү курултайда өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө калкка
эки жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салык-
тарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуштарды жергиликтүү кењешке киргизет;
9) райондук маанидеги мекемелерди кошпогондо, тиешелүү аймактык
мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук маанидеги
шаардын башчысынын орунбасарын жана поселканын башчысынын орунбасарын, шаардык жана поселкалык башкаруунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана аппараттардын кызматкерлерин дайындайт жана кызматтан бошотот;
11) жергиликтүү кењештин ыйгарым укуктарына кирген ыйгарым укук-
тарды кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле өткө- рүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды чечүү боюнча ыйгарым укук- тарды жүзөгө ашырат;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди
чечет.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-43" title="43-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>