# 42-берене. Шаардык жана поселкалык башкаруунун компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 42-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-42

---

Шаардык жана поселкалык башкаруу:

1) шаардын, поселканын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын

иштөөсүн жана өнүгүүсүн, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көр- сөтүүнү уюштурат;

2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларынын

долбоорлорун иштеп чыгат жана тиешелүү жергиликтүү кењеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;

3) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана тиешелүү жер-

гиликтүү кењеш бекиткенден кийин аны аткарат;

4) тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча

иш-чараларды жүзөгө ашырат;

5) жерлерди, муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдала-

нуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана тиешелүү жергиликтүү кењеш бе- киткенден кийин аларды жүзөгө ашырат;

6) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү органдар менен ма-

кулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объекттерди, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды баланска кабыл алууга катышат;

7) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана

ыњгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

8) аймактардын курулушунун башкы планын иштеп чыгат жана ишке ашы-

рат, архитектура жана шаар курулушунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;

9) табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана бол-

турбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу- чулук-иштиктүү иш-чараларды жүзөгө ашырат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-

тарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-43)
