# 41-берене. Райондук маанидеги шаардын башчысынын жана поселканын

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 41-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-41

---

башчысынын кызматка киришүүсүнүн жана аларды кызматтан бошотуунун тартиби

1. Райондук маанидеги шаарда жана поселкада жергиликтүү өзалдынча

башкаруунун аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүүлүгүнө жараша шаардык жана поселкалык башкаруу түзүлөт.

2. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу маселелери боюнча тиешелүү жергиликтүү кењешке, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик бийликтин жогору турган органдарына отчет берет.

3. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы об-

лустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча, эреже катары альтернативдүү негизде райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким тарабынан сунуш кылынуучу талап- керлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен тиешелүү жергиликтүү кењештин депутаттары тарабынан торт жылдык мөөнөткө шайланат.

4. Райондук маанидеги шаардын башчысын жана поселканын башчысын

шайлоо Президент тарабынан дайындалат. Райондук маанидеги шаардын башчысын жана поселканын башчысын шай- лоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиле- нет.

5. Тиешелүү кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун

алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде райондук маанидеги шаар- дын башчысын жана поселканын башчысын шайлоого тиешелүү кењештин депу- таттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, ал болуп өттү деп эсептелет.

6. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы шай-

ланбай калган учурда райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким тиешелүү жергиликтүү кењешке ошол эле же башка талапкерлерди кайрадан сунуш кылууга укуктуу.

7. Сунуш кылынган талапкерлерди жергиликтүү кењештин депутаттары

кайрадан шайлабаган учурда облустун мамлекеттик администрациясынын баш- чысы - губернатору менен макулдашуу боюнча райондун мамлекеттик адми- нистрациясынын башчысы - акими тиешелүү жергиликтүү кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч берет.

8. Райондук маанидеги шаардын башчысынын жана поселканын башчысы-

нын кызмат ордуна жогорку билими жана мамлекеттик же муниципалдык кыз- матта кеминде эки жылдык иш стажы бар Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны талапкер боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы болуп шайлана албайт.

9. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы об-

лустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору менен ма- кулдашуу боюнча райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими тарабынан төмөндөгүлөрдүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

- жеке арызынын негизинде;

- соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

- сот аны эмгекке жарамсыз деп тапкан учурда;

- аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоочу

жерине кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республика-

сынын жарандыгын жоготкон учурда;

- эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдет-

терин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;

- шаардык же поселкалык кењештин депутаттарынын жалпы санынын ке-

минде үчтөн экиси тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка кырдаалдар

боюнча.

10. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы

мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же ойдо- гудай эмес аткаргандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добу- шу менен шаардык же поселкалык кењештин сессиясынын макулдугу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамле- кеттик орган менен макулдашуу аркылуу райондун мамлекеттик администра- циясынын башчысы - акими тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

11. Райондук маанидеги шаардын башчысына же поселканын башчысына

тиешелүү жергиликтүү кењештин депутаттары ишеним көрсөтпөгөн учурда ра- йондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими аны ээлеген кыз- матынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же жергиликтүү кењештин че- чими менен макул болбоого укуктуу.

12. Райондук маанидеги шаардын башчысына же поселканын башчысына

тиешелүү жергиликтүү кењештин депутаттары кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими аны ээ- леген кызматынан бошотот жана райондук маанидеги шаардын башчысын же поселканын башчысын жањыдан шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтү- нүч берет.

13. Райондук маанидеги шаардын башчысы жана поселканын башчысы

кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, жањы башчы шайланганга чейин, анын милдетин тиешелүү түрдө райондук маанидеги шаардын же по- селканын башчысынын орунбасары аткарат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-42)
