# 39-берене. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 39-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-39

---

компетенциясы

Шаардын мэриясы:

1) шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын иштөөсүн жана

өнүгүүсүн, шаардыктарга социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат;

2) шаар бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана шаардык кењеште бе-

китилгенден кийин аны аткарат;

3) шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, калкты социалдык

жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кењеште бекитилгенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;

4) шаардын өнүгүшү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча

иш-чараларды жүзөгө ашырат;

6) шаар жерлерин жана муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу

пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана алар шаардык кењеште бекитилгенден кийин аларды жүзөгө ашырат;

7) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү орган менен макулда-

шуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объ- екттерди, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды ба- ланска алууга катышат;

8) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана

ыњгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар курулушунун

башкы планын иштеп чыгат жана турмушка ашырат, архитектуранын жана шаар курулушунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзө- гө ашырат;

10) табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана

аларды болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш-чараларды жүзөгө ашырат;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-

тарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-40)
