# 38-берене. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 38-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-38

---

кызматка киришүүсүнүн жана аны кызматтан бошотуунун тартиби

1. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоо Пре-

зидент сунуш кылган талапкерлердин ичинен эреже түрүндө альтернативалык негизде төрт жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шаардык кењештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Шаардын мэрин шайлоо Президент тарабынан дайындалат.

Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоону өткө- рүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленет. Эгерде шаардын мэрин шайлоого шаардык кењештин депутаттарынын жал- пы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болуп өттү деп эсепте- лет. Тиешелүү кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шаардын мэринин кызмат ордуна шайланган адам тийиштүү күбөлүктү берүү менен Президенттин Жарлыгы менен бекитилет.

3. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын Пре-

зиденти тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүм- күн:

- жеке арызынын негизинде;

- мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыла-

рын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу боюнча

- шаардык кењештин сессиясынын макулдугу менен Премьер-министрдин

сунушу боюнча;

- соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

- аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине

кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасы-

нын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алган учур- да;

- эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдет-

терин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;

- шаардык кењештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн эки-

си тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;

- тараптардын эркине байланышпаган кырдаалдар боюнча (тиешелүү

мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка кырдаалдар).

4. Шаардык кењеш мэрге ишеним көрсөтпөй койгон учурда Президент

аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кењештин чечимине макулдук бербөөгө укуктуу.

5. Шаардык кењештин депутаттары мэрге кайталап ишеним көрсөтпөй

койгон учурда Президент аны ээлеген кызматынан бошотот.

6. Мэр кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жањы мэрди

шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Президент өзүнүн актысы менен мэрдин милдет- терин аткаруучуну төрт айга чейинки мөөнөткө дайындай алат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-39)
