38-берене. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
кызматка киришүүсүнүн жана аны кызматтан бошотуунун тартиби
1. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоо Пре-
зидент сунуш кылган талапкерлердин ичинен эреже түрүндө альтернативалык негизде төрт жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шаардык кењештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Шаардын мэрин шайлоо Президент тарабынан дайындалат.
Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоону өткө- рүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленет. Эгерде шаардын мэрин шайлоого шаардык кењештин депутаттарынын жал- пы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болуп өттү деп эсепте- лет. Тиешелүү кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шаардын мэринин кызмат ордуна шайланган адам тийиштүү күбөлүктү берүү менен Президенттин Жарлыгы менен бекитилет.
3. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүм- күн:
- жеке арызынын негизинде;
- мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыла-
рын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу боюнча
- шаардык кењештин сессиясынын макулдугу менен Премьер-министрдин
сунушу боюнча;
- соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
- аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими
мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине
кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасы-
нын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алган учур- да;
- эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдет-
терин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;
- шаардык кењештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн эки-
си тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;
- тараптардын эркине байланышпаган кырдаалдар боюнча (тиешелүү
мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка кырдаалдар).
4. Шаардык кењеш мэрге ишеним көрсөтпөй койгон учурда Президент
аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кењештин чечимине макулдук бербөөгө укуктуу.
5. Шаардык кењештин депутаттары мэрге кайталап ишеним көрсөтпөй
койгон учурда Президент аны ээлеген кызматынан бошотот.
6. Мэр кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жањы мэрди
шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Президент өзүнүн актысы менен мэрдин милдет- терин аткаруучуну төрт айга чейинки мөөнөткө дайындай алат.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (6)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 5-июлундагы № 341 "М.Б.Женбеков жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 05.07.2011 · № 341
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 75-П (Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын) буйругуРаспоряжение · 27.08.2010 · № 75-П
- КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 228 "Т.Т.Молдомуров жөнүндө" жарлыгы"Указ · 07.05.2009 · № 228
- КР Президентинин 2008-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 243 "Д.Т.Үсөнов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.07.2008 · № 243
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 7-июлундагы № 348 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-июлундагы № 341 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө…Распоряжение · 07.07.2011 · № 348
- КР Президентинин 2010-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 101 (Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо) буйругуРаспоряжение · 02.04.2010 · № 101 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-38" title="38-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>