# 27-берене. Жергиликтүү кењештин компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 237 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/203194)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 237 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/203194); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 27 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/202567)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310#diff=387778..387779>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 27-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-27

---

1. Жергиликтүү кењеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-

ленген ыйгарым укуктардын чектеринде маселелерди кароого жана алар бо- юнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

2. Шаардык, поселкалык, кењештин жана айылдык округдардын кењеши-

нин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту беки-

түү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты

социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышы- на контролдук кылуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жењилдик-

терди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал- ган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана

тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

6) жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү

органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укукта-

рын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) депутаттар тарабынан мэрге, райондук маанидеги шаардын жана

поселканын башчысына же айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;

9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

10) административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү

мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;

11) төраганы жана анын орунбасарын шайлоо, аларды кызматынан бошо-

туу, кењештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара- ма-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

12) жергиликтүү кењештин регламентин кабыл алуу;

13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык

башкаруунун, поселкалык башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү ор- ганынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;

15) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу

үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рына ылайык бекитүү;

16) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

3. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын ке-

њештеринин сессияларында тийиштүүлүгүнө жараша кошумча төмөндөгүдөй ма- селелер чечилет:

- шаардын мэрин шайлоо;

- райондук маанидеги шаардын башчысын шайлоо;

- мыйзам менен белгиленген шаардык жерлерге салыктын базалык став-

каларынын чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференцияланган став- каларын белгилөө.

4. Поселкалык кењештердин, айылдык округдардын кењештеринин сесси-

яларында тийиштүүлүгүнө жараша кошумча төмөндөгүдөй маселелер чечилет:

- поселканын башчысын шайлоо;

- айылдык округдун башчысын шайлоо;

- тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын база-

сында эсептелген айыл, поселка үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айылчарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкала- рын белгилөө;

- Кайра бөлүштүрүү фондунун айылчарба жерлерин, чабындыларды ижа-

рага тапшыруу тартибин аныктоо.

5. Райондук кењештин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты со-

циалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;

2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,

ошондой эле бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматты угуу;

3) талап кылынбаган жана пайдаланылбай жаткан жайыттарды пайдала-

нуу маселелери;

4) райондук борбордо райондук маанидеги социалдык-маданий объект-

тердин күтүлүшүнө контролдук кылуу;

5) райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын тиешелүү ай-

мактагы иштердин абалы жөнүндө маалыматын жылына бир жолудан кем эмес угуу;

6) райондук мамлекеттик администрациянын башчысы өз милдеттерин

аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн ага райондук кењеш- тин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишеним көрсөт- пөө. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 27, 2009-жылдын 20-июлундагы №237 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-28)
