Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 декабря 2009 года № 317
1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.
2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мыйзамдын негизинде бир эле учурда өткөрүлүп берилип жаткан ыйгарым у куктарды жүзөгө ашыруунун шарттарын белгиленген тартипте мамлекеттик камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материал- дык жана финансылык каражаттарды берүү менен жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мамлекет бир эле
учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка финансы булактарын аныктаган учурда гана жол берилет.
4. Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу ор- ганына отчет берет.
5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө мыйзам же
келишим төмөндөгүлөрдү кароого тийиш:
1) жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилип жат-
кан мамлекеттик ыйгарым укуктарды;
2) өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик орган- дарына усулдук, уюштуруу, консультациялык жана башка көмөк көрсөтүү формалары;
3) отчеттуулукка болгон талап;
4) мамлекет тарабынан өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу механизми.
6. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өткөрүлүп берилиши мүм-
күн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөндөгүлөр кирет:
1) калктын иш менен камсыз болуу жана миграциясынын программаларын
иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 317 Мыйзамына ылайык күчүн
жоготту)
3) жарандарды эсептик каттоого алуу, паспорт режиминин эрежелери-
нин аткарылышына контролдук кылуу, белгиленген тартипте жарандардын каттоого туруу жана чыгуусун жүргүзүү, шайлоочулардын тизмесин түзүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жарандык абалдын акты-
ларын каттоо;
5) мектептик жана кесиптик билим берүү жана саламаттыкты сактоо
чөйрөсүндө, ошондой эле мектептик жана кесиптик билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
6) мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык нотариалдык аракеттерди
жасоо;
8) жарандарга ким экендигин күбөлөндүргөн, үй-бүлөлүк, мүлктүк
абалы жөнүндө документтерди жана мыйзамда каралган башка документтерди берүү;
9) аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын баштапкы эсебин
жүргүзүү, аларды аскердик каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу, аскер- дик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
10) айылчарба жерлерин кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин бөлүштү-
рүү жана пайдалануу;
11) айылчарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды
жалпылоо, айылчарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомол- дорду түзүү;
12) малчарбасында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы
иш-чараларды жана селекциялык-асыл тукум иштерин уюштурууга, өз убагын- да өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
13) айылчарба өсүмдүктөрү эгилген айдоолордун отоо басып кетишине
каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, өстүрүлгөн түшүмдү, то- кой тилкелерин жана токой массивдерин сактоону камсыз кылуу;
14) салыктарды, алымдарды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө чеге-
рилүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо;
15) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу
жана жүзөгө ашыруу;
16) керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылуу;
17) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы № 27, 2009-жылдын 20-июлундагы №237 2009-жылдын 25-декабрындагы №317 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 декабря 2009 года № 317 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2009 года № 237 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 января 2009 года № 27 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-20" title="20-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>