# 2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июня 2009 года № 183 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"](https://aqlex.ai/kg/doc/203160)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310#diff=387777..387778>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 2-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-2

---

1. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

жергиликтүү жамааттар - айылдык округдун, поселканын, шаардын ай- магында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрү- нүн өкүлчүлүктүү, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары аркылуу өз жоопкерчилиги астында чечүү үчүн жалпы таламдары боюнча бириккен Кыргыз Республикасынын жарандары; жергиликтүү жамааттын мүчөсү - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жалпы кызыкчылыктары жергиликтүү жамаат менен байланышкан Кыргыз Рес- публикасынын жараны; айылдык округ - чегараларында жергиликтүү жамаат жергиликтүү өзал- дынча башкарууну жүзөгө ашыруучу административдик-аймактык бирдик. Айылдык округ бир же андан көп айылдардан турушу мүмкүн; муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги; муниципалдык кызмат - жарандардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу- нун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескөөчү органдарындагы кесиптик жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылуучу иши; жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандар- дын өз эркин түз билдирүү аркылуу тиешелүү аймактын калкынын жашоо-тур- мушун камсыз кылуу үчүн чечиле турган маселелер; жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүнү камсыз кылган өкүлчүлүктүү, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдар; жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин калкы тарабынан түздөн-түз шайла- нуучу жана жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүгө ыйгарым укук берилген жергиликтүү өзалдынча башкаруунун шайлануучу коллегиалдуу органы. Айыл- дык округдарда, поселкаларда, шаарларда жана райондордо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп жергиликтүү кењештер саналат; жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы - жер- гиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечимдерин да- ярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Мэрия, айыл өкмөтү, шаардык жана поселкалык башкармалар жергиликтүү өзалдынча баш- каруунун аткаруучу-тескөөчү органдары болуп саналат; жергиликтүү өзалдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы түз- дөн-түз калк же жергиликтүү кењеш тарабынан шайланган жаран; райондук маанидеги шаардын башчысы - шайлануучу кызмат адамы, шаар башкармасынын жетекчиси; поселканын башчысы - шайлануучу кызмат адамы, поселкалык башкарма- нын жетекчиси; айылдык округдун башчысы - шайлануучу кызмат адамы, айыл өкмөтүнүн жетекчиси; айыл башчысы - айыл өкмөтүнүн чечими менен ыйгарылган функцияларды аткаруучу, дайындалуучу кызмат адамы; мэр - республикалык же облустук маанидеги шаарларда шайлануучу кызмат адамы, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү ор- ганынын жетекчиси; мэрия - шаарда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүл- гөн жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы. Шаар- дын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кирет. жергиликтүү мамлекеттик администрация - облустун, райондун айма- гындагы мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы; жарандардын жыйыны - бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жарандардын чогулуштарында жергиликтүү маани- деги иштерди талкуулоо, ал боюнча жергиликтүү жамааттардын уставына ылайык сунуштар менен чечимдерди кабыл алуу аркылуу калктын башкарууга катышуусунун тике формасы; курултай - жалпы кызыкчылыкты билдирген маселелерди талкуулоо мак- сатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн чогулушу; мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктар - жергиликтүү өзалдын- ча башкаруу органдарына ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген ай- рым мамлекеттик ыйгарым укуктар; жергиликтүү жамааттын уставы - жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандарынын жана жергиликтүү жамааттардын ишин жөнгө салган, мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жергиликтүү жамааттын негизги укуктук актысы; функция - мамлекеттик бийлик органдарынын жана/же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүгө байланышкан ишинин чөйрөсү; компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башка- руу органынын юридикалык жактан бекемделген укуктарынын жана милдетте- ринин жыйындысы; ыйгарым укук - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аларга тагылган функцияларды аткарууга багытталган белгилүү иштерди жүзөгө ашыруудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу. (КР 2009-жылдын 15-июнундагы №183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүк Жергиликтүү өзалдынча башкаруу

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-3)
