# 18-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 317 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310#diff=387779..387780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 18-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-18

---

Аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюш- туруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өзалдынча баш- каруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер берилет:

1) тийиштүү аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;

5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоо курулуштар система-

сынын ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерде жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын

көрсөтүү;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди ыњгайлаштыруу жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулуштардын жана эс алуу жайлардын иш-

тешин камсыз кылуу;

11) тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок

кылууну уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу

конуштардын чегараларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый ажайып жайларды

коргоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканаларды уюштуруу жана иштешин

камсыз кылуу;

15) калктуу конуштун тийиштүү аймагында жерди пайдалануу жана ку-

рулуш куруу эрежелерин белгилөө;

16) тийиштүү калктуу конуштун аймагында Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык жарнамаларды жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;

19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;

20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү

уюштуруу;

21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты

камсыз кылуу;

22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга

көмөк көрсөтүү;

23) тийиштүү аймакта жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу.

24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр

үй-бүлөлөрдү табуу;

25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө

ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы №317 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-19)
