16-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөөнүн
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
принциптери, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка функциялары жана ыйгарым укуктары
Жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка функциялары менен ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй принциптердин негизинде белгиленет:
- мындай кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу берүүгө жөндөмдүү болгон
башкаруунун мүмкүн болушунча төмөн турган дењгээлине кызмат көрсөтүү;
- көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын камсыз кылуу максатында
функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулук жана максатка ылайыктуулук;
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономика-
лык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын дифференцияланышы;
- функцияларды аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда
жергиликтүү кызыкчылыктын болушу;
- жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү таламдарды айкалыштыруу;
- ачыктык жана коллегиялуулук;
- ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуу.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-16" title="16-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>