# 10-берене. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202310)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3741/edition/387776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202310/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 10-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-10

---

укуктарын токтото туруу

1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын

Конституциясына жана мыйзамдарына, Президенттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын чектеген, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттин конституциялык тү- зүлүшүн бузган аракеттерди жасоого укуксуз.

2. Укук коргоо органдары тарабынан жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдары ушул беренеде белгиленген бузууларды жасагандыгы аныкталса, Президент Өкмөттүн сунушу боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы- нын ишин токтото турууга жана тийиштүү аймакта тикелей мамлекеттик баш- карууну киргизүүгө укуктуу. Мамлекеттик тикелей башкарууну киргизүүнүн тартибин Президент аныктайт.

3. Мамлекеттик тикелей башкарууну киргизүү менен Өкмөт аны атка-

рууну камсыз кылат жана зарыл болгон учурда жергиликтүү өзалдынча баш- каруунун тийиштүү органынын туура эмес актыларын алып салуу үчүн сот органдарына кайрылат.

4. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тийиштүү органынын туура эмес

актысын алып салуу жөнүндө белгилеген процесстик тартипте соттук чечим чыгарылса Президент аларды таркатат жана аларда мөөнөтүнөн мурда шай- лоолорду жарыялайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202310/st-11)
