10-берене. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
укуктарын токтото туруу
1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын
Конституциясына жана мыйзамдарына, Президенттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын чектеген, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттин конституциялык тү- зүлүшүн бузган аракеттерди жасоого укуксуз.
2. Укук коргоо органдары тарабынан жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары ушул беренеде белгиленген бузууларды жасагандыгы аныкталса, Президент Өкмөттүн сунушу боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы- нын ишин токтото турууга жана тийиштүү аймакта тикелей мамлекеттик баш- карууну киргизүүгө укуктуу. Мамлекеттик тикелей башкарууну киргизүүнүн тартибин Президент аныктайт.
3. Мамлекеттик тикелей башкарууну киргизүү менен Өкмөт аны атка-
рууну камсыз кылат жана зарыл болгон учурда жергиликтүү өзалдынча баш- каруунун тийиштүү органынын туура эмес актыларын алып салуу үчүн сот органдарына кайрылат.
4. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тийиштүү органынын туура эмес
актысын алып салуу жөнүндө белгилеген процесстик тартипте соттук чечим чыгарылса Президент аларды таркатат жана аларда мөөнөтүнөн мурда шай- лоолорду жарыялайт.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-10" title="10-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>