# КР 2008-жылдын 23-майындагы № 95 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 23-майындагы № 95 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3737/edition/465273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 23-майындагы № 95 " Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу" Мыйзамы (23.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202306

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 23-майы № 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз

Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын

күчүн жоготту деп табуу тууралу

2008-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202306/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

139-статьянын 3-пункту алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202306/st-2)

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6,

240-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202306/st-3)

"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жо-

горку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жарчысы, 2002-ж., № 1, 12-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизилсин:

1. 2-статьяда:

биринчи абзацтагы "акциялардын кеминде 93,72 пайызын милдеттүү

түрдө мамлекеттик менчикте сактоо менен" деген сөздөр "акциялардын

93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттик менчикте кармоо менен" деген сөздөр ме-

нен алмаштырылсын;

экинчи абзацта:

- "ГЭС, жана" деген сөздөр "ГЭС," деген сөзгө алмаштырылсын;

- абзац "Бишкек шаарындагы ЖЭБунун бүтпөгөн курулуштарын кошпогон-

до" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле электр энергиясын иштеп чыгуу-

га жана берүүгө тикелей катышпаган же эскиргендигине же техникалык ава-

риянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жараксыз болуп калган

мүлк" деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баян-

далсын:

"Бишкек шаарындагы ЖЭБнын ажыратылышы мүмкүн.".

2. 3-статьяда:

биринчи абзацта "акциялардын кеминде 93,72 пайызын милдеттүү түрдө

мамлекеттин менчигинде сактоо менен" деген сөздөр "Кыргызстандын Улут-

тук электр тармагы" акциялардын 93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттин менчи-

гинде кармоо менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

экинчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "алганда," деген сөздөн кийин

"электр энергиясын берүү процессине тикелей катышпаган же эскиргендиги-

нин же техникалык авариянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жа-

раксыз болуп калган мүлктү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202306/st-4)

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табыл-

сын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1,

14-ст.).

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202306/st-5)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
