# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375); 18.03.2017 [Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111553); 23.07.2011 [Закон КР от 23 июля 2011 года № 125 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О стратегических объектах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202305#diff=784900..4486>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202305/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3736/edition/784898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202305/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө, 2-берене (24.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202305/st-2

---

1. Стратегиялык объектилерге төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу ишканалар;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган имараттар жана жайлар;

3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк;

4) магистралдык темир жол тармактары;

5) магистралдык газ түтүктөрү;

6) улуттук электр тармагы;

7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондо гидро- жана жылуулук электр станциялары;

8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;

9) магистралдык байланыш линиялары;

10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;

11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;

12) улуттук почта тармагы;

13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары;

14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;

15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токой чарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;

16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу сордуруу станциялары;

17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук статуска ээ болгон объектилери;

18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар;

19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары;

20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.

2. Менчигинде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык объектилер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган чечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объектилерге киргизилиши мүмкүн.

Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн.

3. Стратегиялык объектилердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202305/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202305/st-3)
