# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-майы № 93 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-майы № 93 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3735/edition/465267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-майы № 93 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202304

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 23-майы № 93

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202304/st-1)

Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-

ка жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-

син:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө турган

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-

публикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы"

деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын.

1-п. менен берилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын

16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-

гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү

кайталайт

2. 3-статьяда:

он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү,

бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодон

башка) жана энергия ресурстарын ташуу;";

статья төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар

менен толукталсын:

"электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу,

үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыга-

рылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү;

Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мам-

лекеттик органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышын

жана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук берген мамле-

кеттик орган.";

он үчүнчү абзац он бешинчи абзац деп эсептелсин.

3. 5-статьянын экинчи абзацындагы "Жогорку Кењештин эки палатасы

тарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кењеш тарабынан" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын.

5-статьянын экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын

16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-

гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон

4. 16-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:

"Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген

менчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсыз

кылат.";

экинчи жана үчүнчү абзацтар үчүнчү жана төртүнчү абзацтар деп

эсептелсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202304/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202304/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
