1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз банкынын негизги милдети
Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөм тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү- лүгүн камсыз кылуу Кыргыз банкынын ишинин максатына жетишине көмөктө- шүүчү (же негизги максатына баш ийген) негизги милдет болуп саналат.".
2. 10-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-
лукталсын: "Кыргыз банкынын Төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогор- ку Кењешинде угуу Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык Кыргыз банкынын өз алдынчалы- гын жана көзкарандысыздыгын эске алуу менен ишке ашырылат.".
3. 31-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда
баяндалсын: "1) уставдык капиталдын эњ төмөнкү өлчөмүн, капиталдын (өздүк ка- ражаттын) эњ төмөнкү өлчөмүн;".
4. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Кыргыз банкынын Төрагасына жана Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө
Кыргыз банкынын Төрагасынын, анын орунбасарларынын жана Башкарма- сынын мүчөлөрүнүн кызматтык маяналары атаандаш рыноктордогу эмгек акы- ларды жана мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202301/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>