# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майынын № 90 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майынын № 90 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3732/edition/764738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майынын № 90 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202301

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2008-жылдын 19-майы № 90

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

2008-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202301/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Кыргыз банкынын негизги милдети

Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөм тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү- лүгүн камсыз кылуу Кыргыз банкынын ишинин максатына жетишине көмөктө- шүүчү (же негизги максатына баш ийген) негизги милдет болуп саналат.".

2. 10-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-

лукталсын: "Кыргыз банкынын Төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогор- ку Кењешинде угуу Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык Кыргыз банкынын өз алдынчалы- гын жана көзкарандысыздыгын эске алуу менен ишке ашырылат.".

3. 31-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда

баяндалсын: "1) уставдык капиталдын эњ төмөнкү өлчөмүн, капиталдын (өздүк ка- ражаттын) эњ төмөнкү өлчөмүн;".

4. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"40-статья. Кыргыз банкынын Төрагасына жана Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө

Кыргыз банкынын Төрагасынын, анын орунбасарларынын жана Башкарма- сынын мүчөлөрүнүн кызматтык маяналары атаандаш рыноктордогу эмгек акы- ларды жана мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202301/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
