# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1251/edition/435349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20230

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-апрели № 61 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 6-пунктту, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 29-пункттарын, 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
