# КР 2008-жылдын 16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3727/edition/465255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202296

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 16-майы № 85

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202296/st-1)

Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-

ка жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик" деген ар кайсы жөндө-

мөлөрдө турган сөздөр "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөз-

дөргө алмаштырылсын.

2. 5-статьяда:

биринчи абзацтагы "коммуналдык" деген сөз "муниципалдык" деген

сөзгө алмаштырылсын;

2-бөлүк алып салынсын.

3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-статья. Аткаруучу кењеш

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органда Аткаруучу кењеш түзүлөт. анын курамы жана иш-мил-

деттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

4. 13-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук энергетика программасы (УЭП) Кыргыз Республикасынын Өкмө-

тү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

тарабынан бекитилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202296/st-2)

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-февралындагы № 8 "Электр

энергетикасы жөнүндө"Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-статьяда:

биринчи абзац алып салынсын;

экинчи абзацта "аныктайт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202296/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
