# 2-берене. Карызды реструктуризациялоонун тартиби

- Документ: [Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202295)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-майындагы № 84 "Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202295/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3726/edition/465253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202295/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө, 2-берене (15.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202295/st-2

---

1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча

карызын төлөгөн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздар, финансы

жана айып санкциялары эсептен чыгарылат:

1) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки

айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары

100 пайызга;

2) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-

ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-

ры - 80 пайызга;

3) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн ки-

йинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкци-

ялары - 50 пайызга.

2. 2008-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-

на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-

нансы жана айып санкциялары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда

аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.

3. Салык төлөөчү ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган

кайра реструктуризациялоодон кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодек-

синин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укук-

туу.

4. Салык төлөөчү ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бир

жолку гана кечүү жана ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык төлөө мөөнөтүн

бир жолку гана узартуу укугунан пайдаланат.

5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-

туризациялануучу карызды төлөө мөөнөтү болуп казыналыктын региондук бө-

лүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.

6. Реструктуризациялануучу карызды төлөө максатында ашыкча төлөө-

нүн суммасына КНСтин нөлдүк чени менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда

болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.

7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй

пайдаланылат: айрым салыктар боюнча карыз төлөнөт, анан ошол карыз бо-

юнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын чендерин

жөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыларынын

талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкциялары бо-

юнча карыз төлөнөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202295/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202295/st-3)
