# 9-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин ишмилдеттери

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 14.07.2015 [Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 9-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-9

---

Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик төмөнкү ишмилдеттерди жүзөгө ашырат:

1) банк-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялардын-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын-катышуучулардын реестрлерин жүргүзөт;

2) аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө жаткан суммалардын жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат.

3) ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген, ушул Мыйзамда аныкталган суммаларды аманатчыларга төлөп берет;

4) мүчөлүк акылардын өлчөмүн эсептейт жана депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акыларды жыйнайт;

5) мүчөлүк акыларды өз убагында жана толук төлөөнү камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;

6) мүчөлүк акыларды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптарды жана үстөктөрдү белгилейт жана салат;

7) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде депозиттерди коргоо Фондунун активдерин башкарат;

8) мамлекеттик органдар жана башка органдар менен өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашырат;

9) аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында банк-агентти тандоону жүзөгө ашырат;

10) жоюлуп жаткан банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна төлөнүп берилген компенсациялардын ордун ушул Мыйзамга ылайык толтуруп берүүнү камсыз кылат;

11) депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

12) мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын жоюучусу катары чыгат;

13) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте карайт;

14) депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо каралган көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-10)
