9-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин ишмилдеттери
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик төмөнкү ишмилдеттерди жүзөгө ашырат:
1) банк-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялардын-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын-катышуучулардын реестрлерин жүргүзөт;
2) аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө жаткан суммалардын жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат.
3) ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген, ушул Мыйзамда аныкталган суммаларды аманатчыларга төлөп берет;
4) мүчөлүк акылардын өлчөмүн эсептейт жана депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акыларды жыйнайт;
5) мүчөлүк акыларды өз убагында жана толук төлөөнү камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;
6) мүчөлүк акыларды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптарды жана үстөктөрдү белгилейт жана салат;
7) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде депозиттерди коргоо Фондунун активдерин башкарат;
8) мамлекеттик органдар жана башка органдар менен өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашырат;
9) аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында банк-агентти тандоону жүзөгө ашырат;
10) жоюлуп жаткан банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна төлөнүп берилген компенсациялардын ордун ушул Мыйзамга ылайык толтуруп берүүнү камсыз кылат;
11) депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
12) мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын жоюучусу катары чыгат;
13) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте карайт;
14) депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо каралган көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
14.12.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
12) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өзүнүн иш-аракети жөнүндө жободо каралган, кошулду: мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын жоюучусу катары чыгат;
13) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте карайт;
14) депозиттерди милдеттүү коргоо алынып салынды: тутумунун кошулду: системасынын натыйжалуу алынып салынды: иштөөсүн кошулду: ишин камсыз кылуу үчүн зарыл алынып салынды: болгон кошулду: болгон, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо каралган көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2019-жылдын 8-августундагы алынып салынды: N 114 кошулду: № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-9" title="9-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>