6-берене. Кепилденген учур келип чыкканда Агенттиктин, банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кепилденген учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде убактылуу администратор/жоюучу Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча Агенттикке ушул Мыйзам жайылтылган аманатчылар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
Убактылуу администратор/жоюучу Агенттикке депозиттер жөнүндө маалыматтын өз убагында берилбегендиги үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат. Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал кепилденген учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча ушул Мыйзам жайылтылган аманатчылар жөнүндө маалыматты түзөт.
2. Агенттик айына кеминде 2 жолу жоюлуп жаткан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын жоюучусуна төлөнүп берилген компенсациялык суммалар жөнүндө жазуу жүзүндө билдирип турууга милдеттүү. Билдирүүнүн формасы Агенттик тарабынан белгиленет.
Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал кеминде бир айда 2 жолу отчеттуулук үчүн төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө маалыматты өз алдынча түзөт. Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө маалымат кеминде айына бир жолу Директорлор кеңешинин кароосуна берилет.
3. Четөлкөлүк банктын филиалы бир жумушчу күндүн ичинде четөлкөлүк банкты каттоодон өткөргөн өлкөнүн соту же ыйгарым укуктуу органы тарабынан демилгеленген бул банкка же анын кайсы гана болбосун четөлкөлүк филиалына карата четөлкөлүк банкты каттоодон өткөргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кепилденген учур келгени (же ушул өңдүү, чет мамлекеттин мыйзамдарында аныкталгандай учурларда) жөнүндө Улуттук банкты жана Агенттикти кабарландырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-6" title="6-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>