# 42-берене. Агенттиктин Улуттук банк менен өзара аракеттенүүсүнүн негиздери

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 14.07.2015 [Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 42-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-42

---

1. Агенттик жана Улуттук банк өз иштерин ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык координациялашат.

2. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен Агенттикти кабарландырат:

1) банкка банк ишин жүргүзүүгө лицензия берилгендиги жөнүндө, микрофинансылык компаниянын лицензиясындагы жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга чектөөлөрдүн алынгандыгы жөнүндө, турак жай-сактык кредиттик компаниянын айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендиги жөнүндө;

2) ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй, Агенттиктин сунушу боюнча банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынганы жөнүндө;

3) банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны кайрадан уюштуруу же жоюу жөнүндө;

4) Улуттук банк тарабынан төмөнкүлөр колдонулгандыгы жөнүндө:

а) депозиттерди кабыл алууга жана төлөөгө чектөө киргизүү;

б) Убактылуу администраторду дайындоо;

в) лицензиянын колдонулушун чакыртып алуу;

г) (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Агенттик тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка жазуу жүзүндө төмөнкүлөрдү маалымдоого тийиш:

1) банктын банктар реестрине киргизилгендиги жана банктын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө;

2) микрофинансылык компаниянын микрофинансылык компаниялар реестрине киргизилгендиги жана микрофинансылык компаниянын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө;

3) турак жай-сактык кредиттик компаниянын турак жай-сактык кредиттик компаниялар реестрине киргизилгендиги жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аталган реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө.

4. Агенттик Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада ушул Мыйзамдын 16, 21, 22, 30 жана 40-беренелеринде саналган маалыматтарды Улуттук банкка көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Улуттук банк ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматтарды талап кыла алат.

6. Агенттик Улуттук банкка төмөнкү сунуштар менен кайрылууга укуктуу:

1) банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын ушул Мыйзамдын талаптарын аткарышы боюнча Улуттук банк тарабынан банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга максаттуу текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө;

2) Улуттук банктын банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга карата таасир көрсөтүү чараларын колдонуусу жөнүндө.

7. Улуттук банктын жана Агенттиктин өкүлдөрү ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын жана Агенттиктин ортосундагы аракеттерди координациялоо максатында маалымат алмашуу үчүн кеминде үч айда бир жолу жолугушууларды өткөрүшөт.

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-43)
