# 40-берене. Агенттиктин жылдык отчету

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 40-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-40

---

1. Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнү жана бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык бардык зарыл ачууларды камтыган Агенттиктин каржылык отчетун;

2) Агенттиктин ишинин жана депозиттерди коргоо Фондунун абалын талдоону;

3) Агенттиктин иши жөнүндө, Агенттиктин операцияларын жана ишин адекваттуу ачып берүү үчүн зарыл болгон жана Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген башка отчетторду.

2. Агенттик Жогорку Кеңештин профилдик комитетине, Министрлер Кабинетине жана Улуттук банкка жыл сайын отчеттук жылдан кнйинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен өз иши жөнүндө жылдык отчет берет.

3. Кирешелер жана чыгымдар жөнүндө, бухгалтердик баланс боюнча каржылык абалы жөнүндө, акча каражаттарынын кыймылы жана капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралу отчетту камтыган Агенттиктин каржы отчеттуулугунун формалары кайсы гана адам болбосун биринчи талабы боюнча көрсөтүлүүсү тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-41)
