# 32-берене. Депозиттерди коргоо фондун каржылоо булактары

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 29.04.2009 [Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 32-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-32

---

1. Депозиттерди коргоо фондун каржылоо булактары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Мыйзамда белгиленген жана банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төлөөчү мүчөлүк акыларды;

2) Министрлер Кабинети тарабынан салынган мүчөлүк акыларды;

3) Агенттик тарабынан бош каражаттарды жайгаштыруудан алынчу пайыздык жана инвестициялык кирешелерди;

4) ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды жоюунун натыйжасында алынган акча каражаттарын;

5) банк-катышуучулар, микрофинансылык компания-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулар төлөгөн айыптарды жана туумдарды;

6) (КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги N 139 Мыйзамынын ылайык күчүн жоготту)

7) жардам катары алынуучу жана кайтарылууга жатпаган акча каражаттарды;

8) Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында рыноктук карыз алууларды;

9) Министрлер Кабинети тарабынан берилген кредиттерди;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка каражаттарды.

2. Депозиттерди коргоо фонду тарабынан алынган таза кирешелер капиталдаштырылууга тийиш жана бөлүштүрүүгө жатпайт.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-33)
