# 31-берене. Өзгөчө жоболор

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 31-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-31

---

1. Бардык мүчөлүк акылар банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын милдеттүү төлөмдөрү болуп саналат, алардын салык алынуучу базасынын тиешелүү азайышы менен операциялык чыгашалары болуп эсептелет.

2. Чет өлкөлүк валютадагы депозиттерди эсептөө үчүн Улуттук банк тарабынан төлөө жүргүзүлгөн кварталдын акыркы күнүнө карата белгиленген эсептик курс колдонулат.

3. Эгерде банк, микрофинансылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания ушул беренеге ылайык мүчөлүк акыны төлөбөсө, алар төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ар бир өткөрүлүп жиберген күн үчүн, Улуттук банк тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын эки эсе өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Айып пулдарды төлөө банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны мүчөлүк акы төлөөдөн бошотпойт.

4. Эгерде банк, микрофинансылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания акыркы 6 ай ичинде "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген таасир этүү чараларына дуушар болгон учурларды кошпогондо, Агенттик максаттуу көрсөткүчкө жеткенден кийин Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акылардын өлчөмүн азайта алат.

5. Депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акылардын өлчөмүн азайтуу Фонд тарабынан карыз алынган каражаттар толугу менен жоюлгандан кийин жүзөгө ашырылат.

6. Фонддун максаттуу көрсөткүчү белгиленген деңгээлден төмөндөп кеткен учурда мүчөлүк акылар көбөйтүлүшү мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-32)
