30-берене. Чукул мүчөлүк акылар
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
1. Эгерде депозиттерди коргоо Фондунун каражаттары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык учурдагы милдеттенмелерди жабуу үчүн жетишсиз болсо, Агенттиктин Директорлор кеңеши төмөнкү чаралардын бирин же бир эле убакта бир нечесин көрүшү мүмкүн:
1) жыл сайын төлөнүүчү мүчөлүк акынын көлөмүн көбөйтүшү, бирок ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген деңгээлден мүчөлүк акынын эки эселенген ставкасынан ашпаган өлчөмдө;
2) өткөн жылдын мүчөлүк акыларынын суммасынан ашпаган атайын бир жолку мүчөлүк акыны белгилөөгө;
3) Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында рыноктон карыз алууга;
4) берилген гранттык каражаттарды пайдаланууга;
5) Министрлер Кабинетинен Улуттук банктын эсептик ставкасынан ашпаган ставка боюнча зайым суроого жана алууга. Министрлер Кабинети суроо-талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде суралган каражаттарды берүүгө тийиш. Эгерде бул суроо-талаптын натыйжасында Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам бузулса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик мыйзамдар маселелери карамагында болгон тармактык комитети менен макулдашуу боюнча, Министрлер Кабинети суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү караганга жана кабыл алганга чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан акчалай каражаттарды суроого.
2. Мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн белгилөөдө Агенттиктин Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү эске алат:
1) аманатчыларга компенсацияларды төлөөгө байланыштуу, депозиттерди коргоо Фондунун чыгымдарын;
2) депозиттерди коргоо Фондунун күтүлгөн операциялык чыгымдарын;
3) Агенттиктин инвестициялардан алчу кирешелерин;
4) банктарды, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компанияларды жоюудан кайтарылуучу каражаттарды;
5) мүчөлүк акылардын банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын кирешелерине жана капиталына тийгизген таасирин;
6) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 5-пункттарына ылайык карыз алынган суммаларды төлөө зарылчылыгын;
7) Директорлор кеңеши зарыл деп эсептеген кайсы гана болбосун башка факторлорду.
Эгерде Агенттиктин эсеби боюнча компенсацияларды өз убагында төлөбөгөнү үчүн эки эселенген ставканы киргизүү банкта, микрофинансылык компанияда жана турак жай-сактык кредиттик компанияда маселелердин келип чыгышына алып келе турган болсо, анда Агенттик башка чечим кабыл ала алат.
3. Мүчөлүк акылардын кандай гана болбосун көбөйүүсү же чукул мүчөлүк акыларды төлөө, же болбосо карыз алуулар Улуттук банктын жактыруусу менен Директорлор кеңеши тарабынан бекитилиши керек.
4. Агенттик банктарды мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүнүн өзгөргөнү тууралу эсептешүү жүргүзүлгөн кварталдын акыркы күнүнө 30 күн калгандан кем эмес убакытта кабарландырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2016-жылдын 25-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2016 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
14.12.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…суммасынан ашпаган атайын бир жолку мүчөлүк акыны белгилөөгө;
3) алынып салынды: Өкмөттүн кошулду: Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында рыноктон карыз алууга;
4) берилген гранттык каражаттарды пайдаланууга;
5) алынып салынды: Өкмөттөн кошулду: Министрлер Кабинетинен Улуттук банктын эсептик ставкасынан ашпаган алынып салынды: карыз кошулду: ставка боюнча зайым суроого жана алууга. алынып салынды: Өкмөт сурам келип түшкөн кошулду: Министрлер Кабинети суроо-талапты алган күндөн тартып алынып салынды: беш жумушчу кошулду: 5 жумуш күндүн ичинде суралган алынып салынды: сумманы кошулду: каражаттарды берүүгө тийиш. Эгерде алынып салынды: ушул сурамдын кошулду: бул суроо-талаптын натыйжасында Кыргыз Республикасынын кошулду: тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам бузулса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик мыйзамдар маселелери карамагында болгон тармактык комитети менен макулдашуу боюнча, Министрлер Кабинети суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши республикалык бюджет жөнүндө алынып салынды: мыйзамы бузула турган болсо, же Өкмөт ушул сумманы бере албаса, маселе Жогорку Кеңештин жыйналышында, анын ичинде Өкмөткө сурам жөнөтүлгөн күндөн тартып 30 күндүн аралыгында чакырылган шашылыш жыйналышында каралуусу тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин карыз берүү кошулду: мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү караганга жана кабыл алганга чейин республикалык бюджет жөнүндө алынып салынды: чечим кабыл алынган болуп эсептелет жана Каржы министрлиги 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен зарыл акча каражаттарын которуусу керек.
кошулду: мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан акчалай каражаттарды суроого.
2. Мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн белгилөөдө Агенттиктин Директорлор … күнүнө 30 күн калгандан кем эмес убакытта кабарландырууга милдеттүү.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2016-жылдын 25-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы алынып салынды: N 114 кошулду: № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-09/33-1-(НПА) ""Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-09/33-1-(НПА)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-30" title="30-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>