# 3-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттикти түзүү жана анын негизги милдети жана иши

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 3-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-3

---

1. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик (мындан ары - Агенттик) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан түзүлгөн депозиттерди коргоо боюнча Агенттик - өзалдынча уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак. Агенттик ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер берилген, пайда табууну көздөбөгөн, көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн Агенттиктин көзкарандысыздыгы чечимдерди кабыл алуудагы жана Агенттиктин бюджетин түзүүдөгү көзкарандысыздыгын билдирет.

2. Агенттиктин укуктук абалы ушул Мыйзамда аныкталат.

3. Агенттиктин негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюучунун функцияларын аткаруу, ошондой эле көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо саналат.

4. Агенттик Кыргыз Республикасынын аймактарында өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

5. Кыргыз Республикасы ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Агенттиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

6. Улуттук банк Агенттиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

7. Агенттик Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Агенттиктин ишине кийлигишүүгө укугу жок.

9. Агенттик жоюу жол-жобосун жүргүзүүдө жоюучу катары анын түздөн-түз функцияларына кирбеген банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик албайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-4)
